Казакстанда бизнеске жүктөлгөн административдик жүк азаят. Буга багытталган ишкердикти мамлекеттик көзөмөлдөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары биринчи окууда кабыл алышты. Алардын кароосуна долбоорду Улуттук экономика министри сунуштады. Алибек Куантыровдун айтымында, бул долбоор бизнести жазалоо эмес, мыйзам бузуулардын алдын алуу максатын көздөйт. Ошентип, 326 түзөтүү жана көзөмөлдөөнүн түрлөрүн аныктоого, мыйзам боюнча өзгөчө чаралардын ченемдерин бекитүүгө багытталган. Ага карабастан, мекеме башчысы ата мекендик ишкерлер өздөрүнүн туура эмес иштери үчүн жоопкерчиликтүү экенин унутпашы керектигин эскертти. Мындай болбогон жагдайда, алар дыкат текшерилет.
Алибек Куантыров,
Улуттук экономика министри:
- Бизнес
объектилери жана ишкерлер өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын бузуп, мамлекетке зыян
келтирген аракеттерге барса, адамдардын өмүрү менен ден соолугуна, экологияга
жана улуттук коопсуздукка зыян келтирген учурда гана күтүлбөгөн тинтүү
жүргүзүлөт. Мындан тышкары, алдын ала көзөмөл жүргүзүлбөй, ишкерлер менен
байланышууга мүмкүн болбой калган шартта ушундай чарага барууга туура келет.
Эл өкүлдөрүнө
сунушталган экинчи мыйзам долбоору ишкерлерге байланыштуу. Бирок бул товарын
чет өлкөгө чыгаргандарга гана тиешелүү. Аларды колдоо максатында мамлекет башчысынын
тапшырмасы менен Kazakhexport алкагында экспорттук-насыялык агенттиги түзүлөт.
Тиешелүү мыйзам долбооруна 36 жаңы өзгөртүү киргизүү мерчемделүүдө. Ал
депутаттардын колдоосу менен сенатка жөнөтүлдү. Бул документ кабыл алынса
келерки жылдын башында эле күчүнө кириши мүмкүн.
Руслан Кожасбаев,
Парламент Мажилисинин экономикалык реформа жана аймактык өнүктүрүү комитетинин
мүчөсү:
- Бул мыйзам
долбоору чийки эмес товарларды экспорттогон ишкерлерди колдоого багытталган.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, кайра иштетүү тармактарын колдоо. Эми кайра
түзүлгөн агенттиктин шартында, башкача айтканда, экспорттук-насыялык
агенттиктин алкагында кошумча ыйгарым укуктарды берип жатабыз. Алардын ичинен
кепилдик, пайыздык ченди субсидиялоо жана Казакстандын аймагында гана эмес, чет
өлкөлөрдө да бизнести ар тараптуу колдоо сыяктуу 3 негизги жана маанилүү
милдетти койдук. Эң негизгиси, биз бирдиктүү терезе принцибин жүзөгө ашырабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков