Казакстан Германиянын инвесторлорунун иштөөсүнө шарт түзүп берет

Казакстан Германиянын инвесторлорунун иштөөсүнө шарт түзүп берет

Казакстан менен Германиянын тышкы иштер министрлери экономиканын түрдүү чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү перспективаларын талкуулашты. Биздин өлкөгө иш сапары менен келген Анналена Бербок менен Мухтар Тилеуберди эки тараптын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгынын алкагында Астанада өткөн жолугушууда ишенимдүү саясий диалогду, туруктуу жана жогорку деңгээлдеги мамилелерди белгилешти. Соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтык. Ал ошондой эле сүйлөшүүлөр потенциалдуу долбоорлорду аныктоого жана эки тарапка тең пайдалуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жардам берерин айтты.

Мухтар Тилеуберди, Казакстандын премьер-министринин орун басары:

Казакстан инвестиция үчүн жагымдуу өлкө. Өткөн жылы биз тышкы инвестициянын агымын пандемияга чейинки деңгээлге кайтарып гана тим болбостон, аны 38%га көтөрө алдык. 21-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстанга келген түз чет элдик инвестициялардын жалпы агымы 24 миллиард долларды түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 37 пайызга жогору. Дүйнөнүн төртүнчү экономикасы болгон Германия экономикабызга инвестиция салган эң алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирбейт. Ошондуктан, биз немис инвесторлору жана Казакстандын ишкерлери менен иштөө үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бурабыз.

Анналена Бербок, Германиянын тышкы иштер министри:

Биз Астанада Суутек дипломатиясынын кеңсесин ачууну пландап жатабыз. Келечекте бул бюро биздин өлкөлөрдүн адистерин жана жооптуу адамдарын алмашуу борбору болуп калат. Максат айкын. Жашыл суутектин жардамы менен биз өнөр жайда жана транспортто зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну нөлгө түшүргүбүз келет. Ушундай жол менен биз өлкөлөрүбүздөгү адамдардын жыргалчылыгын жана өнүгүүсүн коргоо үчүн биргелешип иштей алабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков