Бул тууралуу Финпром.кз кабарлайт. Айта кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акчалай түрдө 16%га көп. Салыштырып карай турган болсок, үчтүн, баш оона айларында бул өнөр жай тармагына жумшалган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн үчтөн экисине жана бүтүндөй экономикага инвестициялардын жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүнө жетет. Ошол эле учурда бул сегменттеги бардык каражаттардын 85%ы өлкөнүн мунай жана газ өндүрүүчү аймактарына туура келет. Мисалы, Атырауга бир жарым триллион тенгеден ашык, Актөбөгө дээрлик 336 миллиардка чукул, Маңгыстауга 198 миллиардтан ашык. Ошону менен катар Костанай, Кызылорда облустарында салым көлөмү арткан. Бардык капиталдык салымдардын дээрлик 90%ы ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздалган. Банктык эмес кредиттер жана банктык насыялар бир аз азыраак.
Которгон: Илгиз Жамалбеков