Оралда «Хроникадан келечекке» аттуу кинолекторий өттү

Оралда «Хроникадан келечекке» аттуу кинолекторий өттү

Казакстан Президентинин телерадиоберүү комплексинин долбоору – «Хроникадан келечекке» аймактарды кыдыруусун улантууда. Кечээ Орал шаарында кезектеги көрсөтүү өттү. Көрүүчүлөргө «Арал» жана «Серт» даректүү тасмалары көрсөтүлдү. Биринчи тасма Арал боюнун адамдарынын жашоосун чагылдырган балыкчы Кунтуган Тургунбаевдин тагдыры аркылуу баяндайт. «Серт» тасмасы 2024-жылдагы ири жазгы селдин кесепеттерин жеңүүгө арналган, өлкөнүн кырсык менен кантип күрөшкөндүгүн көрсөтөт. Эске салсак, «Хроникадан келечекке» долбоору аймак тургундарына көз карандысыз Казакстандын тарыхындагы маанилүү окуялар жана өлкөнүн жашоосун чагылдырган кызыктуу тагдырлуу адамдар тууралуу даректүү тасмалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Алихан Есказиев, Орал шаарынын тургуну:


 – Тасма мага абдан таасир калтырды. Ошол учурда мен да селден жабыркаган адамдардын жанында болчумун жана колумдан келген жардамымды аябадым. Өлкөбүздүн президенти менин туулган Каратобе районума келген. Ал кезде жабыркагандарга бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө убада берген. Ошол убадалардын баары аткарылды. Документалдуу тасманы көргөндөн кийин, ошол сезимдер кайрадан жанданды. Баягы окуяларды кайрадан башынан өткөргөндөй болдум.

Которгон: Илгиз Жамалбеков