Казакстандык чеберлер Астанада өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1,5 чакырымга созулган курак-жууркан тигип, катышуучуларды жана конокторду таң калтырмакчы. Чеберлер мыкты эмгекти «Аламан курак» деп аташкан. Аны куроого өлкөнүн бардык аймактарынан 500 тигүүчү катышат. Астанага бара турган ар бир тигүүчү өзү менен бирге 2,5 метрлик курак-жууркан алып баруусу шарт. Андан кийин жууркандар бири-бирине кошулат. Бул долбоорго 9 жаштагы Аяла Сапарбек өз салымын кошот. Апасын туурап, кичинекей кезинен эле ийне-жипке жакын болуп, учурда өз алдынча көрпө тиккенге жөндөмдүү.
Аяла Сапарбек, жаш тигүүчү:
– Апам тигүүчү, дизайнер болгондуктан, апамды көрүп чоңойдум. Ошондон бери тигүүчүлүккө болгон кызыгуум ачылып, тигүүчүлүктү бала кезимден үйрөнүп, апамдын жолун жолдоп, тигүүчү-дизайнер болуу азыркы негизги максатым.
Ага чейин ак жоолукчан чеберлер комнадасы узундугу 500 метрлик жууркан тигип, Казакстандын рекорддор китебине кирген. Бирок муну менен эле токтоп калбайт. Негизги максат – казак элинин кийиз жууркан-төшөктөрүн, оймо-чиймелерин, казак маданиятын, искусствосун чет элдик конокторго көрсөтүү.
Бибихадиша Жетибаева, чебер:
– Бизге бул курак-жуурканды аманат кылып калтырды. Эми биз аны кийинки муунга жаңыча үлгүдө калтырышыбыз керек. «Аламан курактын» максаты мына ушул биримдикти көрсөтүү, Казакстандын уюшкандыгын көрсөтүү. Баарыбыз чогулуп, бир колдон тигилгендей кылып алып барып, жаябыз. Жайган кезде үстүнөн караганда килем жайылган сыяктуу болуп көрүнүп турат. Эми муну менен гиннеске киребиз деген максатыбыз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков