Астанада британ режиссёрунун «Tasbaqa» тасмасынын бет ачары болуп өттү

Астанада британ режиссёрунун «Tasbaqa» тасмасынын бет ачары болуп өттү

Борбор Азиянын кичинекей таш бакасынын окуясы чоң экранга чыкты. Астанада британиялык режиссердун Үстүрт платосунун эң туруктуу жашоочуларынын бири тууралуу тасмасынын бет ачары болду. Тасма укмуштай жаныбардын катаал шарттардагы — талаанын кайнаган аптабынан тартып, сөөк сыздаткан аяздуу суугуна чейинки жашоосун баяндайт. Тасмалар бир нече жыл бою Маңгыстау облусунун аймагында «Tasbaqa» табиятты коргоо фондунун колдоосу менен тартылган. Саксон Босуорттун айтымында, анын эмгегинин максаты - бир гана таш баканын сейрек кездешүүчү түрлөрү жөнүндө айтып берүү эмес, жалпысынан жаратылышка аяр мамиле кылуунун маанисине көңүл буруу.

Саксоун Босуорт — жаратылышты коргоочу жана режиссёр, Улуу Британия:

- Тасма бир нече жыл бою тартылган. Мени Үстүрт платосу жана ага байланыштуу табигый сырлар абдан кызыктырды. Бул тасманын масштабдуу миссиясы болушу маанилүү. Үстүрт таш бакасынын тарыхын айтып берүү гана эмес, жаратылышты коргоо идеяларынын чагылышы да болушу керек. Мен Казакстандын экосистемасын изилдөөнү пландаштырып жатам. Мен бул тасманын көрсөтүүлөрүн көбөйтүүнү, анын ичинде жогорку окуу жайларында жана мектептерде уюштургум келет.

Астанада жапайы жаратылыштын эл аралык сүрөт  сынагынын көргөзмөсү өтөт

Региондук экологиялык саммиттин алкагында ачылган көргөзмө борбор калаадагы экологиялык күн тартибин улантууда. Анда Лондондогу Табигый тарых музейи алтымыш жылдан ашык убакыттан бери өткөрүп келе жаткан жапайы жаратылыштын эл аралык сүрөт сынагынын мыкты иштери коюлган. Экспозицияда адам менен айлана-чөйрөнүн жана табигый экосистеманын ортосундагы тең салмактуулукту чагылдырган уникалдуу сүрөттөр бар. Уюштуруучулар белгилегендей: көргөзмө климаттын өзгөрүшү, биологиялык ар түрдүүлүктүн кыскарышы жана глобалдык деңгээлде биргелешкен аракеттердин зарылдыгы сыяктуу маселелерге көңүл бурууга багытталган.

Салли Аксуорси, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси:

- Биз Казакстандын 2060-жылга чейин көмүртектик бейтараптуулукка жетишүү умтулуусун, ошондой эле 2035-жылга чейин парник газдарынын чыгарылышын 17 пайызга азайтуу боюнча жаңыланган милдеттенмелерин кубаттайбыз. Экологиялык саммиттин уюштуруусу өлкөнүн умтулуусунун олуттуулугун жана конкреттүү иш планынын үстүндө иштээрин көрсөтөт. Казакстандын жаратылышты сактоо боюнча күчтүү салты бар жана биз бул тармакта кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков