Казакстандык жаш жеткинчектер жергиликтүү мультфильмдерди кызыгуу менен көрүшөт. Айрыкча, байыркы элдик уламыштардын негизинде тартылган чыгармаларга суроо-талап көп. Акыркы он жылдын ичинде 50дөн ашык анимациялык фильмдер тартылган. Ошентип көгүлтүр экранда «Алпамыс», «Батыл балапандар», «Ертемир» өңдүү мультфильмдер кичинекей көрүүчүлөргө жол тартты. Жакынкы аралыкта дагы үчөө жарыкка чыгат.
Адай Абелдинов, «Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун» башкы продюсери:
– 10 сериядан турган Кенже кыз деген анимациялык сериал бар. Алардын баары казак тилинде тартылган. «Бешик ыры» деген кыска мультфильм бар. Андан соң «Казакфильм» киностудиясында «Алтын адам» сак доору тууралуу толук метраждуу тасма тартылып жатат.
Казак тилинде эң алгачкы чыккан Карлыгачтын куйругу эмнеге айыр? мультфильми өзгөчө популярдуу болгону белгилүү. Азыркы убакытта балдар кандай чыгармаларды жакшы көрүшөт?
БЛИЦ:
Казакстан мультфильмдеринде жансыз буюмдар сүйлөсө дейм. Ошол тууралуу тартылса, мисалы сүйлөөчү отургуч. Же шам.
«Мага «Али менен Ая», «Беткапчан баатыр», «Күлше кыз» жагат.
«Алдар көсе», «Сыйкырдуу таш», «Балапан», мага ушулар жагат. Анткени алар кызыктуу.
Белгилей кетсек, анимация базары жеке инвесторлор үчүн да кызыктуу болуп саналат.
Дилшат Рахматуллин, анимациялык студиянын жетекчиси:
– Жеке бизнес анимациясына келгенде, бул абдан жакшы драйв алып келет деп ойлойм. Анимация өнүгөт. Биз ага бара жатабыз. Ага жеке бизнес көңүл бурууда. Учурда ютубда, кинотеатрларда акча табууга болот. Ошондуктан акырындап ал дагы болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков