Президент Маданият жана спорт министри Асхат Ораловду кабыл алды

Президент Маданият жана спорт министри Асхат Ораловду кабыл алды

Ошондой эле, мамлекетте туризм тармагын  өнүктүрүү максатында, Kids Go Free программасына катышуу үчүн туроператорлорго коюлган талаптар жеңилдетилген. Бул тууралуу Маданият жана спорт министри Асхат Оралов президент Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда билдирди. Мамлекет башчыга Алматы облусунда спортчуларды Олимпиадага даярдоочу республикалык базанын курулушу тууралуу маалымат берилди. Объекти быйылкы жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Жалпысынан 2025-жылга чейин 113 спорттук имарат курулат. Мындан тышкары президентке казакстандык спортчулардын Азия жана Олимпиада оюндарына даярдыгы ошондой эле 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери тууралуу маалымат берилди. Мындан сырткары, министрлик жети республикалык маданият уюмуна улуттук макам берүү маселесин иштеп чыгууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков