Алматы дүйнөлүк шаар куруу борборлорунун лигасына кирди

Алматы дүйнөлүк шаар куруу борборлорунун лигасына кирди

Бүткүл дүйнөлүк шаар өнүктүрүү борборлорунун лигасына эми Алматы да кирет. Бул тууралуу Finprom.kz порталы билдирди. Талдоочулардын белгилешинче, БУУнун Борбор Азиядагы туруктуу өнүктүрүү максаттарын илгерилетүү боюнча хабынын макамы, Казакстан шаарын 115 миллиондон ашык калк жашаган бүткүл регион үчүн өсүү чекити болууга мүмкүндүк берет. Кошумчалай кетсек, жаңы макам Алматынын урбанистикалык өнүктүрүү борборунун конкреттүү максаттарын чечүү үчүн эл аралык каржыны жана алдыңкы технологияларды тартуу дараметин жогорулатат. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнө, ЕАЭБге, ШКУга жана Ооганстанга экспорттоо үчүн ийгиликтүү долбоорлорду кеңейтүү менен эл аралык компетенттүүлүк борборун калыптандырууда мегаполистин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Белгилей кетсек, Алматы аяк оона аягында БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарын алдыга жылдырган дүйнөдөгү биринчи аймактык хаб шаар болуп калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков