Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде тиешелүү бөлүмдүн илим комитетинин төрагасы Дархан Ахмед-Заки билдирди. Анын айтымында, суу коопсуздугу, шаарлардын жана агломерациялардын өнүгүү келечеги, ошондой эле кванттык технологиялар жана нанотехнологиялар менен байланышкан маселелер илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Буга кошумча жогоруда айтылгандар Улуттук илимий кеңештин деңгээлинде да, Өкмөткө караштуу Жогорку илимий-техникалык комиссиянын деңгээлинде да кийинки талкууларда чагылдырылат. Ошондой эле, Жогорку билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнүн айтымында, акыркы жылдары интеллектуалдык дарамети жоголуп кеткен аймактар бар. Бул, биринчи кезекте, инженердик-технологиялык тармактарда чагылдырылат.
Дархан Ахмед-Заки, Илим жана жогорку билим министрлиги комитетинин төрагасы:
- Конкреттүү бир өнүмдү өнөр жай ишканасына айландыруу үчүн технологиялык жактан жабдылган цехтер болууга тийиш. Илимдин өндүрүштүк бөлүгү акыркы жылдары жетиштүү каржыланган эмес. Мындай өндүрүштөрдү кароону ЖОЖдорго сунуш келтирдик. Бул демилгелер иш жүзүндөгү программага киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков