Казакстанда электрондук санариптик кол тамганын альтернативасы пайда болду

Казакстанда электрондук санариптик кол тамганын альтернативасы пайда болду

Электрондук санариптик кол тамганын ордуна QR. Учурда Казакстанда санариптик кол тамганын ордуна альтернатива иштелип чыгууда. Эми каалаган адам eGov жана сот залында QR аркылуу документтерге кол коё алат. Бул үчүн жөн гана мобилдик тиркемеге кирүү керек. Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги жаңы функция, казакстандыктарга мамлекеттик электрондук кызматтарды алууну бир топ жеңилдетет деп белгилейт.

Акмарал Макеева, «электрондук өкмөттүн» тышкы контур боюнча долбоорлор бөлүмүнүн башчысы:

Санариптик өнүктүрүү министрлиги азыр альтернативдүү кол тамга ыкмасын, тагырагы QR кол коюуну киргизүү боюнча жигердүү иштеп жатат. Бул электрондук кызматтарды, электрондук арыздардын ар кандай түрлөрүн алуу жана кол коюу процессин жеңилдетүүгө багытталган. Бул үчүн алгач egov-mobile мобилдик тиркемесине кирүү керек, эгерде сиз жеке жак болсоңуз анда egov-mobileды колдоносуз, ал эми юридикалык жактар ​​үчүн бизде egov-mobile бизнеси бар. QR-код менен кол коюунун артыкчылыктары, мурункудай эле, санариптик кол тамганы алуунун, аны айрым алынуучу медиада, флеш-карталарда сактоонун же NCALayer сыяктуу кошумча тиркемени орнотуунун кереги жок болот.

Мындан тышкары, өлкөдө QR кол тамганын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү улантылат. Азыркы учурда мекеме «Отбасы» банкы жана Бирдиктүү пенсиялык топтоо фонду менен иш алып барууда. Кийинчерээк аны электрондук санариптик кол тамга талап кылынган башка порталдарга да киргизүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков