Вьетнам Казакстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы ири соода өнөктөшүнө айланды. Акыркы эки жылда мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жакынды түздү. Тараптар 2030-жылга карата бул көрсөткүчтү 5 млрдка жеткирүүну көздөөдө. Рынокко чыккан экспорттун көлөмү да көбөйдү. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, көрсөткүч 14 пайызга өсүп, 205 миллион долларга жетти. Казакстан Вьетнамга коргошун, ферроэритме, цинк сыяктуу мунай химиялык жана металлургиялык өнүмдөрдү жеткирет. Натыйжаны эки эсе көбөйтүү маанилүү. Ошондуктан өлкө экспорттолуучу товарлардын түрүн жана көлөмүн жогорулатууга даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

