Быйыл Казакстан Эли Ассамблеясына 30 жыл. Мааракелик жылдын алкагында өлкөдө биримдикти жана ынтымакты бекемдөө максатында 400дөн ашуун ири иш-чаралар пландаштырылууда. Коомдук институттун түзүлгөн жалган куран айынын 1де Астанадагы тынчтык жана ынтымак сарайында республикалык форум өтөт. Ал мааракелик иш-чаралардын башталышы болот. Андан соң жыл бою өлкө боюнча ар кандай кайрымдуулук акциялары, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-чыгармачылык иш-чаралар менен уланат. Быйыл жигердүү жаштардын дараметин ачууга артыкчылык берилет. Бул жылы өлкөнүн жаштар ассамблеясы ЮНЕСКОнун глобалдык жаштар ассоциациясынын жана Европа кеңешинин жаштар уюмунун катарына кошулууну көздөп жатат. Ошондой эле, Борбор Азия жаштарынын лидерлеринин жолугушуулары өтөт.
Тимур Жумырбаев, «Ассамблея
жаштары» РКБ төрагасы:
- Биз үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөр менен болгон бардык мамилелер Казакстандын жаштары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы маанилүү. Мисалы, ЮНЕСКО менен байланышуу маданият жана илим, ыктыярдуу иш-чараларга байланыштуу эл аралык долбоорлордун жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Башкача айтканда, биргелешкен долбоорлорду түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Борбор Азиядагы өнөктөштөрүбүзгө токтолсок, региондун жаштарынын тажрыйба жана билим алмашуусуна шарт түзүү. Бул биз менен бирге региондун жаштарынын жаңы демилгелерин ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

