Казакстандык китепканачылар Түркияда окуудан өтүшөт

Казакстандык китепканачылар Түркияда окуудан өтүшөт

Эми алар Анкарадагы Түркиянын президенттик администрациясына караштуу Улуттук китепканада кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүшөт. Мындан тышкары окуу иш-чараларынын алкагында ата мекендик китепкана адистери Түркиянын китепканаларынын иши менен таанышып, тажрыйба алмашат.

Практиканын алкагында Түркиянын китепканаларындагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу пландалууда. Ошондой эле, атап айтканда, биздин китепканачылар санариптештирүү тажрыйбасын үйрөнүшөт, сейрек басылмалардын коллекциялары менен иштөө жаатында билим алышат. Мындан тышкары, китепканачылар түрк китепканаларынын маалыматтарын, тактап айтканда, электрондук маалымат базаларын жана санариптештирүү жараяндарын изилдешет. Мындан сырткары, китепкана ишинде илимий сыпаттамаларга, басылмаларга, менеджментке, маркетингге жана кызматкерди башкарууда заманбап ыкмаларга басым жасашат.

Китепканачылар республиканын маданият уюмдарынын чет мамлекеттерде окуудан өткөн жалгыз кызматкерлери гана эмес. Буга чейин музейлердин, коруктардын, музыкалык жана драма театрларынын кызматкерлери да чет элдик кесиптештери менен тажрыйба алмашып келишкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков