Бельгияда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан казакстандык жоокерлерди урматтады

Бельгияда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан казакстандык жоокерлерди урматтады

Бельгияда казак баатырлары урматталды. Жеңиштин 80 жылдыгына карата Казакстандын элчилиги Генк көрүстөнүндө советтик жоокерлерди эскерип, гүл чамбарларын койду. Бул бейитте казактын эки жоокери – Нурадин Бисенов жана Тогайбай Уалиев коюлган. Эки мекендеш тең 1944-жылдын жазында бул аймакта баатырдык менен курман болушкан. Иш-чаранын катышуучуларынын айтымында, Улуу жеңишке жетүү жолунда жанын берген каармандарды даңазалоо ар бир жарандын милдети.

Алмас Нургалиев, Коргоо министрлигинин НАТО штаб-кеңсесинин аскер өкүлүнүн орун басары:

- Ырайымсыз согуштун кесепеттерин унутпашыбыз керек. Жеңиш жолунда 27 миллиондон ашык адам каза болду. Бул ар бир үй-бүлөнүн, жалпы элдин трагедиясы, кандуу кармашта курман болгон 10 казакстандык жоокер Бельгияда жерге берилген. Биз алардын аттарын, туугандарын таап, издөөнү уланта беребиз. Бул тарых алдында, келечек үчүн чоң жоопкерчилик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков