Объекттин башкы кеңсеси Актау шаарында, ал эми филиалы Атырау шаарында жайгашкан. Илимий институттун ишмердүүлүгү бир нече багыттарды камтыйт. Негизги күч Каспий деңизинин экологиялык көйгөйлөрүн изилдөөгө жумшалат. Окумуштуулардын кезектеги тобу тюлендердин жана балыктардын массалык кырылып жок болушунун себептерин аныктоо жана алардын популяциясын сактап калуу үчүн иштеп жатышат. Мындан тышкары деңиз ихтиофаунасын изилдөөчү топ түзүлөт. Атырау облустук администрациясынан билдиришкендей, институтту түзүү учурунда Каспий боюндагы мамлекеттердеги кесиптештери менен тыгыз байланышта болуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, адистердин айтымында, акыркы он жылда Каспийдеги суунун деңгээли дээрлик 29 метрге төмөндөгөн. Мындай улана берсе, деңиз экосистемасындагы тең салмактуулук бузулуп, экологияга олуттуу зыян келтирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков