Казакстан эгин экспортун көбөйтүүгө даяр

Казакстан чет өлкөгө эгиндин экспортун көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Тактап айтканда, Кытайга 3 миллион тоннага жеткирүү пландалууда. Мамлекет  негизинен буудайды Кытайдын чек ара жана Борбордук провинцияларына, ал эми арпа жана тоют өсүмдүктөрүн бүткүл Кытай боюнча экспорттойт. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9 айында республика чет өлкөлөргө 5 млн тонна эгин жөнөткөн. Муну менен катар тартылган өнүмдөрдүн экспорту 2 миллион тоннадан ашты. Казакстандык данга болгон суроо-талап Борбор Азияда байкалууда. Импорттоочулардын тизмесинде экинчи орунда Кытай турат. Үчүнчү орунда 127 миң тонна менен Ооганстан жайгашты. Ал эми Италия, Түркия жана Орусияга 423 миң тонна жөнөтүлгөн. Эскерте кетсек, Иранга дан жеткирүү кайрадан жанданды. Ал эми тартылган өнүммдөргө келсек, аны Кытай жана Ооганстан сатып алышкан. Эми Казакстан ун берүүнү көбөйтүүнү пландап жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков