Казакстандык окумуштуулардын долбоорлору коммерциялаштырууга ылайыктуу. Ата мекендик долбоорчулардын 14 илимий иштеп чыгуулары эл аралык рынокко чыгып, өз өнүмдөрүн жана кызматтарын сунуштай баштады. Ата мекендик ноу-хауга Кытай, Орусия, Түркия, Грузия, Чехия жана Кыргызстан мамлекеттери кызыктар. Бүгүнкү күндө сатуунун көлөмү жүз миллиондогон теңгени түзүп, казак окумуштуулары пассивдүү кирешени көрө баштады. Белгилей кетсек, аталган долбоорлор Казакстан илим фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.
Арын Орсариев, «Илим фонду» АК төрагасы:
- Акыркы беш жылда бизге 34 миллиард теңге каржы салынып, илим аны актай баштады. Бүгүнкү күндө илимдин социалдык-экономикалык үлүшү 43 миллиард теңгени түзүп жатат. Акыркы бир жарым жылдын ичинде олуттуу жылыш болду. Биздин фондго келген окумуштуулар өздөрүнүн илимий-техникалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчёт менен келишет. Алардын ичинен эң мыктылары тандалып алынат.
Чет өлкөдө популярдуу болуп жаткан ойлоп табуулардын арасында кобальт-57 радиоизотобу, грибокко каршы дарылар, сүт сары суусу негизиндеги суусундуктар жана зат алмашууну жакшыртуу үчүн бээнин сүтүнөн жасалган пробиотиктер бар. Бүгүнкү күндө башка долбоорлор иштелип чыгып, чет элдик өнөктөштөргө сунушталууда. Маселен, казакстандык окумуштуулардын изилдөөлөрү генетикалык анализдин негизинде адамдын илдетке жакындыгын аныктап, баланын келечектеги физикалык абалы тууралуу маалымат берет.
Ерлан Раманкулов, Улуттук биотехнология борборунун башкы мүдүрү:
- Бүгүнкү күндө генетика медицинанын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Бейтаптарды дарылоо генетикалык паспорттун, башкача айтканда, жеке медицинага таянат. Биздин борбор Казакстандагы генетикалык талдоонун пионери болуп саналат. Бизде чоң лаборатория бар. Сунушталган генетикалык кызматтардын түрлорү көп.
Илимий ойлоп табууларга негизделген бизнес эффективдүү экендигин убакыт көрсөттү, дешет адистер. Акыркы эки жылда уюм 130га жакын
долбоорду каржылап, илимди көп талап кылган 113 өндүрүштү ишке киргизди. Бул өз кезегинде көптөгөн жаңы жумуш орундарын түздү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мамлекеттик колдоонун аркасында казакстандык илимпоздор чет элдиктер менен катар медицинадан тарта экологияга, айыл чарбага чейин ар кыл багыттагы заманбап илимий долбоорлорго катышууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков