Казакстанда кеме курулушу жолго коюлат

Казакстанда кеме курулушу жолго коюлат

Казакстанда кеме куруу өнөр жайы ишке киргизилет. 2029-жылга чейин улуттук инфраструктураны өнүктүрүү планына ылайык, республиканын паромдук паркында кемелерге жана танкерлерге суроо-талап өсүүдө. Кеме куруучу завод Маңгыстау облусунун аймагында, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан. Актау деңиз портунда Курык жана Баутино портторунун тармагын пайдалануу менен кемелердин кыймылын башкаруу системасын киргизүү пландаштырылууда. Бул деңизде суу кемелеринин кырсыктарын алдын алуу үчүн өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары аталган аймакта куткаруучу координациялык борбор түзүлөт. Учурда мамлекеттик органдардын мониторинг функциясын санариптештирүү жүрүп жатат. Буга байланыштуу деңиз өткөрүү пункттарында бирдиктүү терезе принциби боюнча документтерди электрондук жүгүртүү системасы түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков