«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча 2000ге жакын адам кандаш
макамын алышты. Ошентип пилоттук долбоор
өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо
министрлигинин маалыматы боюнча, этникалык казактардын арыздары өлкөнүн чет
өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө келип түшкөн. Өз кезегинде
жергиликтүү аткаруу органдары туруктуу жашоого, ишке орноштурууга жана аймактык
квотага киргизүүгө арыздарды карап, сунуштарды бериши керек. Эске сала кетсек,
этникалык казактарды кабыл алуу механизмин кайра карап чыгуу республиканын
2023-2027-жылдарга миграциялык саясатынын концепциясын ишке ашыруунун алкагында
жүргүзүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков