Казакстандык фото сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү

Казакстандык фото сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү

Сеулда казакстандык фото сүрөтчү Натали Карпушенконун Кореядагы алгачкы жеке көргөзмөсү өтүп жатат. Экспозицияда эки жүзгө жакын чыгарма коюлган. Көргөзмө бир нече тематикалык бөлүмдөргө бөлүнөт. Атап айтканда, "Океандын деми", "Көтөрүлүп келе жаткан аял", "Суу тамчысы" жана "Периште" долбоорлору бар. Автор көрүүчүлөрдүн көңүлүн экологиялык көйгөйлөргө жана жаныбарларды коргоого бурган. Белгилей кетсек, көргөзмө келерки жылдын бугу айына чейин уланат.

Квон Сун Гук, Сеул тургуну:

- Көргөзмө климаттык каатчылык жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетчү нерсе, актуалдуу маселелер абдан сонун көрсөтүлгөн, ошондуктан мен абдан таасирлендим. Сүрөттөрдү карап, азыр биздин жардамга муктаж адамдар бар экенин түшүнөсүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков