Кабанбай баатырдын сөөгү коюлган жерди көрсөткөн карта табылды. Бул тууралуу улуу кол башчынын 330 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда айтылды. Катышуучулар изилдөөчү Серикбосын Сайдагалинин сөзүнө таянып, 18-кылымдын картасында Орусиянын географиялык аймагы чагылдырылганын айтышат. Анда Кабанбай баатыр акыркы жылдары жашап, сөөгү коюлган деген уламыш бар. Батырдын чыныгы аты Ерасыл экени белгилүү. Эрдиги менен баатырдыгы үчүн эл аны Кабанбай баатыр деп атаган. Абылай хандын тушунда эр жүрөк жоокер катары атагы чыккан. Ал 15 жашында жунгар баскынчылыгына каршы күрөшкөн. Илимий чөйрөдө Кабанбай баатырдын сөөгү коюлган жер боюнча бир нече варианттар бар. Ал эми сегизинчи муун баатырдын сөөгү өлкөнүн чыгышында коюлганын айтат.
Улыкпан Сыдыков, Кабанбай баатырдын урпагы:
- Мен Кабанбай баатырдын урпагынанмын. Сегизинчи муундун өкүлүмүн. Ошондуктан мен так билем. Биз баатырдын жаткан жери ата-бабаларыбыздан калган ооздон-оозго айтылгандай, Чыгышта – Алакөлдүн жогорку жээги, Жунгар дарбазасынын сол тарабында. Атактуу баатыр 103 согушка катышып, ар дайым жеңишке жеткен. Ал акыркы беттешин 78 жашында кайтыш болорунун алдында өткөргөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков