Казак дыйкандарынын ата мекендик айыл чарба техникасын сатып алууларынын үлүшү өсүүдө. Алардын айтымында, жергиликтүү өнүм сапаттуу жана арзан баада. Мындай кадамдар менен дыйкандар эскилиги жеткен техникалык паркын алыстан эмес, жакындан жаңыртып жатышат. Мамлекет башчы элге кайрылуусунда айыл чарба техникаларынын эскилиги орчундуу көйгөй экенин айткан. Жыл сайын ал жок дегенде 10% жаңыланышы керек. Бул жаатта мүмкүн болушунча ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн, дыйкандардын кызыкчылыктары эске алынышы абзел. Жалпысынан Казакстандын 8 заводу быйыл 5 миңге жакын трактор жана 900гө жакын комбайн чыгарууну мерчемдеп жатат.
Пётр Максатов, заводдун өндүрүш мүдүрү:
-Биз азыр былтыр ишке киргизилген кабина өндүрүшүнүн участкасында турабыз. Бүгүнкү күндө бул жердин кубаттуулугу суткасына 10 кабинага чейин чыгарууга жарамдуу. Келерки жылы бул кабиналардын башка түрлөрүн да өндүрүшкө киргизүүнү пландап жатабыз.
Казакстандык жабдуулардын баасы чет өлкөлүк эквиваленттерден дээрлик эки
эсе төмөн. Аны дыйкандар мамлекеттин колдоосу менен сатып алышат. Бүгүнкү күндө
өлкөнүн дыйкандарынын 8%ы мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бүтүштү.
Динара Шукижанова, Парламент Мажилисинин депутаты:
-Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги Казакстанда өндүрүлгөн техникаларды жеңилдетилген баада сатып алууга каражат бөлдү. Бул сумма азырынча жетишсиз. Учурда орто эсеп менен 4-5% гана жаңыланат. Дыйкандар бул көрсөткүчтү жок дегенде 10%га чейин көтөрүү керектигин айтып жатышат.
Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги жакынкы 10 жылдын ичинде өлкөдөгү
айыл чарба техникаларынын паркын толук жаңыртууну көздөп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков