Казакстан Францияга жылкы этин экспорттойт

Жакын арада Франциянын дүкөндөрүндө Казакстандын жылкы эти пайда болушу мүмкүн. Бешинчи республика ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн 10 миллион долларга өнүм сатып алууга даяр. Бул тараптар ортосунда экспортко арналган ветеринардык сертификат берилгенден кийин жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Соода жана интеграция вице-министри Silk Way телеканалына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Кайрат Төрөбаев белгилегендей, Франция органикалык өнүмдөр  рыногунда дүйнөлүк лидерлердин бири жана өзүнүн топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Жалпысынан эки өлкө келечектеги кызматташуунун жаңы багыттарын аныкташты. Буга айыл чарбадан тышкары фармацевтика жана энергетика тармактары кирет. Кайрат Төрөбаев ушул аптада Астанада эл аралык ири иш-чараларды жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүү Казакстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана республикага кошумча инвестиция тартууга сөзсүз салым кошорун кошумчалады.

Кайрат Төребаев, Соода жана интеграция вице-министри:
- Экономикалык жана башка мамилелерди түзүп жаткан өлкөлөр биз үчүн маанилүү экенин белгилеп кетким келет. Мисалы, Франция Казакстандын Евробиримдиктеги негизги соода өнөктөшү. Өсүү көрсөткүчү жыл сайын болжол менен 30%га жогорулаганын байкап жатабыз. Ушундай иш-чаралардын алкагында эки тараптын соода режимин жакшыртуу боюнча белгилүү бир милдеттенмелерге, түрдүү келишимдерге, инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Бул экономикага чоң таасир тийгизери анык. Ошондуктан мындай иш-чаралар жалпы республика үчүн өтө маанилүү.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков