Премьер-министр эл аралык бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Премьер-министр эл аралык бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Казакстан Премьер-министри эл аралык бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту. Кеңешмеде өлкөнүн инвестициялык тамртымдуулугун мындан ары жогорулатуу, ошондой эле салык саясатын жакшыртуу маселелерине көңүл бурулду. Алсак, иштелип жаткан Жаңы Салык кодексинин алкагында администрациялоонун сервистик моделин киргизүү, салык отчеттуулугун 30% га азайтуу, салык төлөмдөрүнүн түрлөрүнүн санын 20%га кыскартуу каралган. Ал эми өз өнүмүн өндүрүүчүлөр үчүн киреше салыгынын төмөндөтүлгөн ченеми киргизилет. Мындан тышкары, чийки затты кайра иштетүүчүлөр жабдууларды импорттоо боюнча кошумча нарк салыгын төлөө мөөнөтүн узартышат. Эске салсак, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы кошумча нарк салыгын кайтаруунун алкагында рекорддук 1,2 триллион теңге төлөнгөн. 2026-жылдын үчтүн айынын 1нен тартып салыктарды кайтаруу жол-жоболорунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатуучу жаңы маалыматтык система киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков