Казакстан буудай экспортун көбөйттү. Акыркы 2 айда 1 миллион 800 миң тоннадан ашык ата мекендик буудай чет өлкөгө жөнөтүлгөн. Өлкөнүн айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% га көп. Адаттагыдай эле казакстандык данды Борбор Азия өлкөлөрү, Орусия жана Иран сатып алат. Мындан тышкары, тогуздун айында аталган өнүмдү Кытайга экспорту көбөйдү. Муну менен бирге, серепчилердин эсептөөлөрү боюнча, жергиликтүү чарбалардын Түркияга жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 1 млн тоннага жакын данды жеткирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков