Нур-Султан тарыхына арналган жаңы жыйнак жарык көрдү

Нур-Султан тарыхына арналган жаңы жыйнак жарык көрдү

Архивдик маалыматтардан гана түзүлгөн борбор калаанын алгачкы тарыхый жылнаамасы. «Эгемендүү Казакстандын борбор шаарынын тарыхы архивдик документтерде» аттуу жаңы жыйнак жарык көрдү. Даректүү эмгек Алатау боорунан Сарыарка төрүнө конуш оодарган борбордун түптөлгөнүнөн тартып геосаясий жана экономикалык абалынан толук кабар берет. Андагы расмий маалыматтардын көбү ушул күнгө чейин коомчулукка жарыялана элек. Калаанын жашыл тилкесин түзүү жана анын маданий көрүнүшүн калыптандыруу боюнча кабыл алынган бир катар документтерде камтылган. Жыйнак Казакстан Республикасынын Президентинин, Улуттук, Нур-Султан шаардык жана Борбордук мамлекеттик архивдердин фондундагы кино-фото документтер менен аудио жазуулар, шаар жетекчилери жана архитекторлор тууралуу жаңы маалымат булактары менен толукталган.

Бейсенбай Жумабеков, Казакстан президентинин архивинин мүдүрүнүн орун басары:

- Бул бардык изилдөөчүлөргө, илимий атуулдарга чоң түрткү берет деп ойлойм. Келечекте дагы ушундай улуу китептер жаралса деген үмүттөбүз. Ошондуктан, бул биринчи кадам болуп саналат. Бирок бул жерде айта кете турган нерсе, ал кезде бардык материалдар орус тилинде түзүлгөндүктөн, архивдик документтер орус тилинде. Ошон үчүн биз учурда аны казак тилине которуунун үстүндө катуу иштеп жатабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков