Казакстандык бизнес өлкөнүн экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган

Казакстандык бизнес өлкөнүн экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган

Казакстанда мамлекет менен бизнестин диалогу жолго коюлган. Буга далил – ишкерлердин катышуусу менен адистештирилген кеңештерди түзүү жана ар кандай форумдарды жана отурумдарды өткөрүү. Казакстандык бизнес лидерлери менен өлкө президенти да жолугат. Бул биргелешип чечимдерди иштеп чыгууга жана өлкөнүн экономикасынын дараметин ачуу үчүн конкреттүү пландарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекет башчысы менен жолугушууда өз сунуштарын жана идеяларын Жумабек Жаныкулов да айтты. Атамекендик бизнесмен биздин каналга берген маегинде өнүгүүнү ишкерлердин практикалык билимдерин жумушта пайдалануудан көрүп жатканын баса белгиледи. Анын сунуштарынын арасында-чакан жана орто бизнести колдоо, товарларды локалдаштыруу стратегиясын иштеп чыгуу бар. Айта кетчү жагдай, импортту алмаштыруу да натыйжалуу жана негиздүү болушу керек. Ошондо импортерлор өндүрүүчү боло алышат. Логистикалык чыгымдардын жогору болушу, мисалы, бизнести ушул сыяктуу өнүмдү өз алдынча чыгарууга түрткү бериши мүмкүн.


Жумабек Жаныкулов, ишкер:


- Айрым товарларды импорттоо менен алектенген адам же конкреттүү компания, ал аны кайда, кандай формада, сапатта, канча сата алаарын билет. Менин идеямды дагы бир жолу кайталайм ал абдан жөнөкөй, азыр тигил же бул өнүмдү жылына 1 миллиард теңгеден ашык импорттогон ар бир ишкер аны жүзөгө ашырса болот. Бирок мамлекеттин жардамы менен гана. Мамлекет да бул долбоордун патронажын өзүнө алышы керек. Себеби ишкерди коргоого албаса, бул долбоорду ишке ашырылбай калат.


Спикер белгилегендей, долбоорлорду ишке ашырууда чет элдик инвестицияларды тартуу маанилүү. Ал өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.


Жумабек Жаныкулов, ишкер:


- Бизнесмендер биздин гана эмес, бүтүндөй ар бир өлкөнүн орто жана жогорку звеносу болуп эсептелет. Ишкер жарандар иш сапары менен түрдүү элдерге барып, дүйнө кыдырышат. Өздөрү катышкан ар кандай темадагы конференциялар менен көргөзмөлөр сыяктуу ар кандай жыйындарда башка өлкөнүн жарандары менен жолугуп, баарлашат. Маектешүүнүн жүрүшүндө Казакстандын дарамети тууралу сөз козголуп, жеке ишкердикке байланыштуу конкреттүү окуялар баяндалат. Бул маанилүү. Анткени инвесторлорго өздөрү сыяктуу ишкерлердин кесипкөй пикири жана сынчыл көз карашы керек. Башкача айтканда, Казакстандын заманбап жашоо образын, ишкер климатын жайылткан бизнес-дипломатияны өнүктүрүү керек.


Которгон: Илгиз Жамалбеков