ЕАЭБ органикалык өнүмдөрдүн жалпы рыногу түзүлөт

ЕАЭБ органикалык өнүмдөрдүн жалпы рыногу түзүлөт

Евразия экономикалык биримдиги органикалык өнүмдөрдүн жалпы рыногун түзөт. Учурда дүйнөдө Айыл чарба товарларын стандартташтыруу көбөйдү. Буга байланыштуу сертификациялоо маселеси келип чыгууда. Бул маселени чечүү үчүн эл аралык уюмдун айланасында ченемдик база түзүлөт. 3 жыл мурун бирликке мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары бул маселе боюнча «Жол картасын» бекитишкен. Документ Биримдиктин ичинде органикалык өнүмдөрдү таануу жана эркин соода маселелерин чечүүгө багытталган. Аны ишке ашыруунун алкагында органикалык өнүмдү өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору иштелип чыкты. Келишим кабыл алынгандан кийин, өндүрүүчүлөр өз өнүмдөрүнүн белгиленген стандарттарга шайкештигин тастыктаган сертификаттарды ала алышат. Бул 185 миллион калкы бар Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосунда органикалык өнүм менен эркин соода жүргүзүүнү камсыз кылат. Ошондой эле Биримдик өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткиликтүүлүктү жеңилдетет. Өз кезегинде бул экспорттук дараметти жогорулатууга жана Казакстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков