Казакстандык аял космоско учат

Казакстандык аял космоско учат

Казакстандык биринчи айым космоско учууга даярданууда. Жергиликтүү ишкер Дана Карагусова жакында Blue Origin компаниясынын суборбиталдык туристтик космос сапарына катышат. Аны менен бирге космостун чеги деп эсептелген Ка́рман сызыгына ар кайсы өлкөлөрдөн дагы беш катышуучу аттанат. Миссия New Shepard программасы менен башкарылган 15-рейс болмокчу. Учуу убактысы болжол менен 10 мүнөттү түзөт.

Астанада аялдар космос экипажынын алгачкы долбоору ишке ашырылды


Космос дүйнөсүнө дагы 4 казакстандык аял аттанышы мүмкүн. Астанадагы Улуттук космос борборунда «SANA-1» уникалдуу изилдөө долбоору ишке киргизилди. Бул модуль космоско учканга окшош таасир калтырат. Юлия Бакирова, Асем Куандык, Дарья Комарова жана Линара Жадигерова 10 сутка бою космос кемесинин көчүрмөсүнө окшош атайын жер үстүндөгү модуль-имитаторунда болушат. Белгилей кетсек, даярдоо программасы медициналык, билим берүү жана башка да тажрыйбалык сыноолорду камтыйт. Серепчилердин пикиринде, уникалдуу долбоор улуттук илимий базаны калыптандырууга жана келечектеги космостук миссияларга адистерди даярдоого негиз салат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков