Мажилистин быйылкы ишинин артыкчылыктары белгиленди

Мажилистин быйылкы ишинин артыкчылыктары белгиленди

Өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн коомдун үнүн угуу, элдин ишенимин актоо жана Мамлекет башчысынын демилгелерине максималдуу колдоо көрсөтүү. Мажилистин төрагасы Ерлан Кошанов депутаттардын мындан аркы ишинин артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал төмөнкү палатанын ишиндеги айкындуулуктун, мыйзам чыгаруучулардын өз шайлоочулары менен жакын болушунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, ал депутаттардын жарандык сектор жана массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышын жандандыруу маанилүү экендигин кошумчалады. Аймактардагы коомдук активисттер менен жолугуп, калктын муктаждыктарын билүү маанилүү экенин айтты. Ошондой эле, мыйзам долбоорлорун талкуулоого үчүнчү секторду, парламенттик эмес жана саясий партияларды, серепчилерди, коомчулук өкүлдөрүн, коомдук пикир лидерлерин тартуу зарылдыгын белгиледи. Эң негизгиси, коомдун жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча жаңы демилгелер көтөрүлөрүн айтты.

Ерлан Кошанов, Казакстан Парламенти Мажилисинин төрагасы:

- Депутаттык корпустун ишинин маанилүү багыты коомчулук менен байланышты камсыз кылуу болуп саналат. Биз мыйзам чыгаруу ишибиздин кызматындагы региондук салымыбызды максималдуу күчөтүүбүз керек. Бул жагдайда өлкөнүн аймактарында, айыл жерлеринде, калктуу конуштарда социалдык маанилүү мыйзам долбоорлорун талкуулоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мындай мыйзам долбоорлору биринчи кезекте казакстандыктардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков