Казакстанда акыркы
алты жылда жарандыгын алмаштырууну каалагандардын саны 22 эсеге азайды. Мындай
тенденцияны Казакстандын президентинин алдындагы жарандык маселелер боюнча
комиссиянын жыйынында мамлекеттик кеңешчи белгиледи. Ерлан Карин белгилегендей,
бул Казакстандын жарандыгы институтунун кадыр-баркы өсүп, калктын өлкөнүн
келечегине ишеними артып баратканынан кабар берет.
Ерлан Карин,
Мамлекеттик кеңешчи:
- Жалпысынан
акыркы жылдары Казакстан Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча
кайрылуулардын санынын азайышына байланыштуу оң тенденция байкалууда. Эгерде
2019-жылы 1700 адам жарандыктан чыккандыгы тууралуу билдирсе, 2020, 2021, 2022,
2023-жылдары жыл сайын 100дөн ашык адам жарандыктан чыккандыгы тууралуу кабарлашкан.
Ал эми өткөн жылы 77 учур катталды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

