Казакстандын Европа Биримдиги менен өз ара соода алмашуусу 71 пайызга өстү

Казакстандын Европа Биримдиги менен өз ара соода алмашуусу 71 пайызга өстү

2022-жылдын алгачкы эки айында Казакстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 6 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 71% жогору, деп билдирет «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борбору. Казакстандан Европа өлкөлөрүнө экспорт үчтүн айы, бирдин айларында 85%га өсүп, 5 миллиард доллардан ашык болгон. Серепчилердин айтымында, жеткирүү көлөмүнүн көбөйүшү чийки муңайдын жана муңай өнүмдөрүнүн, феррокорытмалардын, алюминийдин, буудайдын жана жаратылыш газынын экспортунун көбөйүшүнө байланыштуу. Ал эми Евробиримдиктен Казакстан дары-дармектерди, газ турбиналарды, компьютерлерди, телефондорду, кара металлдан жасалган буюмдарды жана башка өнүмдөрдү импорттойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков