Алматыда шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Алматыда шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Алматы шаарында шахматтын рапид жана блиц түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт. Шаар акимчилигинин маалыматында, бештин айынын 25нен 30на чейинки күндөрү 50 өлкөдөн келген 176 спортчу тез оюндардын жеңүүчүсү болуу үчүн ат салышат. Дүйнө биринчилиги мелдешине АКШ, Нидерланды, Азербайжан, Кытай, Франция, Польша, Индия, Грузия, Иран, Болгария, Казакстан жана Эл аралык шахмат федерациясынын чемпиондору катышат. ФИДЕнин колдоосу астында өткөн мелдештин байге фонду 1 миллион долларды түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков