Борбор
калаада тайгандардын эл аралык көргөзмөсү өтүп, атайын комиссия 100гө жакын тайгандардын физикалык абалын
текшерип, сынап көрдү. Адистер алардын турган турпаты менен бирге кандын
тазалыгын да кылдаттык менен талдашты. Бул таза кандуу иттердин баары өз
аймактарынын эң мыктылары. Елена Хардинанын 3 тайганы Чыгыш Казакстан облусунун
тандоосунан мүдүрүлбөгөн.
Елена Хардина, тайган багуучу:
-Мен кинология тармагындагы эмгек жолумду 1991-жылы
баштадым. Алгач доберман, мушкер жана мопс пародалуу иттерди бактым. Башкача
айтканда, көптөгөн таза кандуу күчүктөрдү бактым. Өзүм уюштурган көргөзмөдө 2006-жылы
биринчи жылы тайгандарды жолуктурдум. Алар Чыгыш Казакстан облусунун Рулиха айылынан алынып келинген. Ошол таанышкандан бери ушул күнгө чейин башка
породаларды тааныбайм. Жалаң тайгандарды таптайм деп чечтим.
Эл аралык кинология федерациясынын жетекчилиги алардын түрлөрүн
кылдаттык менен текшерди. Аң көрсө аттап бастырбаган касиетине көз чаптыруу
милдет. Алар ошондой эле өлкөдө таза кандуу иттерди сактоо жана көбөйтүү үчүн
жүргүзүлүп жаткан генетикалык изилдөөлөр менен таанышат.
Ив де Клерк, Эл аралык кинология федерациясынын аткаруучу мүдүрү:
-Казак тайганы аңчылыкка ыңгайлашкан жаныбар. Ошондуктан
шамал менен жарыша ала тургандай далилдеш керек. Аңчылык үчүн көзү курч болгону
жакшы. Башкача айтканда, ал алыстан көрүү үчүн өзгөчө жөндөмгө ээ болушу керек.
Чыдамдуулугу маанилүү. Физикалык көрүнүшү ылайыктуулугун карайбыз. Башкача
айтканда, сөөктөрү күчтүү, таза кандуу ит экенин далилдеш керек. Биз ушундай
белгиленген негизги көрсөткүчтөрдүн жана касиеттердин негизинде чечим кабыл
алабыз.
Бауыржан Сериккали, Казакстан кинологдор биримдигинин
президенти:
-Бул көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия өз корутундусун чыгарат. Ал эл аралык кинологиялык федерациянын башкы комитетинин «Казак тазыны» Казакстандын улуттук породасы жана бренди деп таануу жөнүндө чечиминин негизи болуп саналат. Эгер стандарт иттин бою белгилүү бир өлчөмдө болушу керек десе, алар бул параметр стандартка туура келерин текшеришет. Эгерде стандартта порода кызыл, ак жана кара түстөр бар деп айтылса, анда алар бул талаптарга ылайыктуулугун текшеришет.
Комиссия текшерүүнүн жыйынтыгын эл аралык кинологиялык
федерациянын башкы комитетине берет. Ал сунуштар аяк она айынын башында
Амстердамда өтө турган жыйында каралып, тайгандын породасына байланыштуу чечим
кабыл алынат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков