Атыраулык археологдор Өзбек хан менен Аз-Жанибектин мөөрлөрү
басылган күмүш жана алтын тыйындарды табышты. Облустун Макат районунда казуу
иштерин жүргүзгөн адистер Алтын Ордо империясына таандык кербен сарайдын ордун
аныкташкан. Бул аймактын тарыхы 13-14-кылымдарга барып такалат. Буга жакын
жердеги атактуу «Таш кечүү» кербен сарайы далил. Тарыхчылардын айтымында,
толугу менен чопо кирпичтен курулган сепил Алтын Ордо империясынын экономикасы
туу чокусуна жеткен доордо курулган.
Марат Хасенов, археолог, тарыхчы:
Кербен сарай Сагыз дарыясынын боюнда курулгандыктан
кербендер Сагыз дарыясы аркылуу токтобой өтүүгө аргасыз болгон. Ошондуктан
бул Таш кечүүнү сагыз суусуна салган. Кыязы, бул кербен сарай ошол
кербендерди кароого милдеттендирилсе керек. Ошондуктан кербен сарай ушул
мезгилге чейин өз милдетин аткарып, ушундай деңгээлге жеткен.
Муну менен катар казуу иштери учурунда сапаттуу куюлган жана
бышырылган чопо кирпичтер да табылды. Алар 800 жылдан ашык убакыт өтсө дагы эле
ошол бойдон сакталган. Бул сепил улуу кербен жолунун дагы бир аялдамасы
сыяктуу. Ал тургай кербендердин коопсуздугун камсыз кылган аскердик
гарнизондун милдетин да аткарган.
Мухаммедкали Кипиев, облустук тарыхый-чөлкөм таануу
музейинин мүдүрү:
Бул кербен сарайды сактап калуу үчүн илимий-реставрациялык
иштерин жүргүзүү үчүн документтерди даярдоону планга киргизүүнү пландап
жатабыз. Себеби, туристтик максатта калкка көрсөтүү үчүн мындай
уникалдуу эстеликтин анын кандай болгондугун, мунара кандай болгонун
изилдөөнүн натыйжасында, түзүлгөн документациянын негизинде калыбына
келтиребиз деген ойдобуз.
Окумуштуулар бул археологиялык объект кылдат изилдөөгө
муктаж деп эсептешет. Жаңы маалыматтар ошол мезгилдеги улуу талаанын
тургундарынын турмушуна жарык чачууга жөндөмдүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков