Бүгүн борбор калаада "Астана Опера" театрынын 10-мааракелик сезонунун ачылышы өтөт. Анын жамааты айтылуу датага жыл башынан бери даярданды. Жаңы сезондо театр көрүүчүлөргө бир нече бет ачаарларды тартуулайт.
Азамат Жылтыркөзов, «Астана Опера» театрынын опера труппасынын мүдүрү:
- Бул казак композитору Балнур Кыдырбектин «Калкаман» операсы, ошондой эле Прокофьевдин «Золушка» балети болуп саналат. Камералык залда жаңы операларыбызды көрсөтөбүз, ал балдар үчүн «Канбак шал» операсы. Быйылкы сезонго пландарыбыз ушундай.
Театрдын жаңы сезону опера күйөрмандары үчүн күтүүсүз белек менен ачылат. "Астана Опера" сахнасында дүйнөлүк сахнанын примадоннасы, "Грэмми" сыйлыгынын ээси Суми Чо ырдайт. Ал мындан 10 жыл мурун борбордо концерт коюп, бүгүн опера ырчысы казак көрүүчүлөрү менен кайрадан жолугушканына кубанычта. Ал "Астана Операнын" сахнасында ата мекендик жылдыздар - Азамат Жылтыркөзов, Медет Чотабаев, Татьяна Вицинская менен бирге өнөр көрсөтөт.
Суми Чо, Дүйнөлүк «Грэмми» сыйлыгынын ээси, Корея:
- «Астана Операнын» сахнасында жана жаңы мааракелик сезондун ачылышында концерт коюу мен үчүн сыймык. Театрдын жамааты менен актерлору кандай таланттуу, атактуу искусство жылдыздары экенин жакшы билем. Чакыруу алганыма абдан кубанычтамын жана ушул сахнада көрүүчүлөр менен бат-баттан жолугушуп тургум келет.
Белгилей кетсек, мааракелик концерт Казакстан менен Корея республикаларынын дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата уюштурулууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков