Алматыда Назарбаев Университетинин жасалма интеллект кампусу ачылат. Бул тууралуу Эл Башы университет президенти Шигео Катсу менен болгон жолугушууда билдирди. Туңгуч президент окуу жайынын ишмердүүлүгүндө жасалма интеллект технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Нурсултан Назарбаевдин айтымында, долбоорго катышкан чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөр аяктаган. Жолугушууда «Назарбаев Университетинин» акыркы 10 жыл ичиндеги негизги жетишкендиктери жана университетти андан ары өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышы талкууланды. Илимий-изилдөөлөрдүн сапаты боюнча окуу жайы Евразия мейкиндигиндеги ТОП-10 университетине кирип, алдыңкы университеттер менен атаандашты»,-деди Шигео Катсу. Учурда билим борборунда 7 миңге жакын студент билим алат.
Нурсултан Назарбаев, РКнын Туңгуч Президенти, Эл Башы:
- Жаш мамлекетке заманбап кадрлар керек болду, ошондуктан мен алгач "Болашак" программасын жарыяладым. Убакыттын өтүшү менен биз Назарбаев университетинде бакалаврларды даярдай баштадык. Мурда чет өлкөдө окутуу эки эсе кымбат болсо, эми кадрлар өзүбүздө окутулат.
Шигео Катсу, «Назарбаев Университетинин» президенти:
- Назарбаев университети "Болашак" программасына альтернатива катары курулган. Негизги максат Казакстанда дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү мекемесин түзүү болду. Эгерде жаштарга башка мамлекеттен алган билимин өзүбздөн берсек, экономикалык жактан дагы пайдалуу болмок. Эл Башы бизге билим таланттуу жаштарга бирдей жеткиликтүү болсун деген конкреттүү тапшырма берди. Биз муну кынтыксыз аткарууга аракет кылдык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков