Жошы хан тууралуу даректүү-көркөм тасманын бет ачары өттү

Жошы хан тууралуу даректүү-көркөм тасманын бет ачары өттү

Астанадагы «Жоши хан». «Улуу Улустун амири» аттуу тарыхый-документалдуу фильминин бет ачары болду. Тасманы белгилүү журналист жана продюсер Майя Бекбаева тарткан. Анын демилгесине Казакстан телерадиокомплексинин президенти колдоо көрсөттү. Көркөм чыгарма көрүүчүлөрдү Алтын Ордонун негиздөөчүсү, Чыңгыз хандын тун уулу Жошы хандын доору менен тааныштырат. Алгачкы көрсөтүү  көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Алардын айтымында, бул тасма өлкөнүн түптөлүшүндөгү Жошы хандын өзгөчө ролун көрсөтүп, түпкү тарыхты кыскача баяндайт.

Талгат Теменов, режиссер:

- Жошы хандын ролун, анын тарыхый маанисин азыркы замандын көз карашы аркылуу, азыркы жаштардын көзү менен көрсөтүү аракети – бул өтө маанилүү. Майя бул багытта ийгиликке жетише алды, ага ийгилик каалайбыз!

Сырым Иткулов, блогер:

- Бул көркөм жагынан эле эмес, тарыхый-агартуучулук долбоор деп айтсак болот. Абдан сонун! Азыркы тик-ток generation дегенибиздей, алар үчүн агартуучулук иш десек болот.

Тарыхый агартуучулук чыгарманын сценарийи белгилүү тарыхчылардын кеңеши менен 6 ай бою жазылган.  Тасма бир айга жакын созулду. Анын көпчүлүгү Астанада жана анын айланасында өттү. Белгилей кетсек, жалган куран айынын 20нан тарта Жошы Хан тууралуу тасма өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков