Казакстан менен Ооганстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын аягына чейин 55%га өстү. Соода жана интеграция министрлигинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 624 миллион долларга жеткен. Анын 90% дан ашыгы экспортко туура келет. Казактан Ооганстандын рыногуна өнүмдөрдүн 45тен ашык түрүн жеткирет. Атап айтканда, булар нефтехимия, металлургия, унаа жасоо, химия, жеңил өнөр жайы, жыгач иштетүү, эмерек жана тамак-аш өнөр жайынын өнүмдөрү. Өзгөчө ун экспорту басымдуулук кылат. Ал эми Ооганстандан Казакстанга негизинен жүзүм жана цитрус жемиштери алынып келинет. Анткен менен, Ооганстандагы акыркы абал өлкөнүн соода жолдорун кайрадан бекемдөөгө мажбурлап жатат, - дешет адистер.
Евгений Ган, Казакстандын дан өндүрүүчүлөр биримдигинин президенти:
- Буга чейин биз жүк коопсуздугу тууралуу ойлогон эмеспиз. Азыр абал башка. Учурда Ооганстандагы банктар иштей баштайбы же жокпу деген суроо болуп турат. Эл аралык каржы уюмдарынын аракеттерин болжолдоо кыйын. Бирок, биз өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Менин оюмча, айдын аягына чейин ким менен жана кантип иштээрибиз белгилүү болот. Мындай саясий кырдаалга карабастан, Ооганстан Казакстандын унун жана данын сатып алат деп ишенем.
Которгон: Илгиз Жамалбеков