Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүсү байкалаарлык өсүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы ал бир жарым эсеге көбөйүп, 1 миллиард доллардан ашкан. Эми тараптар бул көрсөткүчтү 2 миллиардга жеткирүү милдетин коюп жатышат. Мындай максатка жетүү үчүн буга чейин меморандумга кол коюлган, ага ылайык импортерлордун камсыздандыруу жана сооданы каржылоо чөйрөсүндөгү лимиттери жогорулатылат.
"Бул казакстандык ишкерлердин тажик рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, экспорттук тобокелдиктерди азайтат", - деп маалымдайт «KazakhExport» улуттук экспорттук камсыздандыруу компаниясы.
Бүгүнкү күндө Казакстан Тажикстанга жер семирткичтерди, жеңил өнөр жай өнүмдөрүн, унаа жана аба транспортун жеткирип турат. Бирок, бул тизме жакынкы келечекте бир нече эсеге өсөт: өлкө коңшу мамлекетке курулуш арматурасын, өсүмдүк майын жана трансформаторлордун тетиктерин экспорттоону көздөөдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков