Президент Токаев ишкерлер менен жолугушту

Президент Токаев ишкерлер менен жолугушту

Ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүгө жана иликтөөгө бөгөт коюу. Мындай тапшырманы президент Касым-Жомарт Токаев бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда укук коргоо органдарына берди. Мамлекет башчысынын айтымында, эгер бизнес чынчыл жана креативдүүлүк менен иштөөгө даяр болсо, ошондой эле суроо-талапка ээ болсо, аны колдоо керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Акыркы беш айда прокурорлор 100 миңге жакын ишкердин укугун коргошту. Бул бүткүл 2021-жылдагы көрсөткүчкө жакын. Аталган маалыматтар тергөө органдары бизнести жоопкерчиликке тартууга мажбурлап жатканын айгинелейт. Башкы прокуратура ишкердик субъектилерине көзөмөлдү, өзгөчө мыйзамсыз тергөө аракеттерине бөгөт коюуну мүмкүн болушунча катуу камсыз кылышы керек.

Дүйнөлүк туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында ата мекендик бизнес керектүү реформаларга муктаж. Буга байланыштуу өкмөткө бизнес чөйрөсү менен бирдикте салык саясатынын узак мөөнөттүү концепциясын иштеп чыгуу тапшырылды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Өкмөттөн жана Президенттин администрациясынан экономикалык саясаттын макро, салык, бюджеттик, акча-насыялоо жана башка негизги компоненттерин камтыган доктриналдык документти күтөм. Бул иш бизнестин конструктивдүү катышуусу менен жүргүзүлүшү керек. Анткени ушундай жол менен гана биз керектүү жана эффективдүү реформаларды жасай алабыз.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалабеков