Ал эми 3,2%ы кош диплом алууга багытталган. Мындан тышкары студенттердин чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Былтыр муну колдон чыгарбай сынакка катышкан казакстандыктардын 44%ы окуусун чет жакта аяктап кайтты. Бүтүрүүчүлөрдүн 11%ы магистратурада окуусун улантууда. Муну өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын 2022-жылдагы билим берүү программаларынын рейтинги көрсөтүп турат. Жалпысынан он тогуз критерий боюнча рейтингге 2 миң билим берүү программасы, 80 миңден ашуун бүтүрүүчү жана 97 окуу жайы киргизилген.
Гүлзат Көбенова, илим жана жогорку билим берүү министрлигинин комитет төрайымы:
Рейтинг үч негизги блокко бөлүнөт. Алар бүтүрүүчүлөрдүн карьералык дарамети, билим берүү программаларынын сапаты жана студенттердин жетишкендиктери. Жалпы рейтингдин жыйынтыгы менен министрликтин жана “Атамекен” Улуттук ишкерлер палатасынын расмий сайтынан кененирээк таанышууга болот. Талапкерлер жана алардын ата-энелерине бул рейтинг абдан керек. Өзгөчө университетти жана келечектеги кесипти тандоодо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков