2021-жылы казакстандык авиакомпаниялар 7 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыйт

2021-жылы казакстандык авиакомпаниялар 7 миллиондон ашык жүргүнчүнү ташыйт

4 миллионго жакын жүргүнчү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча казакстандык авиакомпаниялар дал ушунча көлөмдө жүргүнчүлөрдү ташыган. Анын ичинен 3,5 миллион жүргүнчү ички желелерде, 484 миңден ашыгы эл аралык учууларда көздөгөн жерине жеткирилген. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Бир жыл мурун COVID-19 пандемиясынан улам, учак менен учкан жүргүнчүлөрдүн агымы бир кыйла төмөндөгөнү байкалган. Ошентип, акыркы 12 айда 5 миллиондон ашуун адам ата мекендик авиакомпаниялардын кызматынан пайдаланып, саякатка чыгышкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 27% га аз. Ал эми быйыл жүргүнчүлөрдү ташуу 2019– жылкы 7 миллион көрсөткүчтөн ашат деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков