АКШда добуш берүү бүгүн Казакстан убактысы боюнча эрте мененки саат 10до аяктады. Сан-Францискодо быйыл биринчи жолу ачылган шайлоо участогу акыркы болуп жабылды. Жалпысынан океандын ары жагындагы казакстандыктар бул саясий өнөктүккө кайдыгер карабай, жигердүүлүктөрүн көрсөтүштү.
Эки айдан кийин 87 жашка чыга турган Тапен Аухадиев кой үстүнө торгой жумурткалаган бейпил, бакубат заман казак өлкөсүнөн кетпесе экен деп тилейт. Буга ар бир жаран салым кошуусу керек деп эсептейт ал. Эртең менен шайлоо участкасына келип, өзү каалаган талапкерге добуш берип жарандык позициясын орундаган.
Тапен Аухадиев, шайлоочу:
Биз жер үчүн, өлкө үчүн, урпактар үчүн добуш берип жатабыз. Өлкөнүн келечеги үчүн, келечегибиз үчүн. Жаштар, силерди көрүп жатабыз, бизге мындан башка эмне керек.
Казактар эң көп топтолгон шаар Нью-Йорк. Бул жерден мегаполиске жакын шаарлардан келген көптөгөн мекендештерди жолуктурууга болот.
Ернар Жаркешеев, шайлоочу:
Соноу Гарварддан Нью-Йоркко атайын добуш берүү үчүн келип жатабыз. Өлкөбүздүн келечеги бүгүн чечилип жатат, андыктан атуулдук парзыбызды аткаралы.
Көз карандысыз байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө башынан аягына чейин көз салышты. Алар шайлоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча өз бааларын беришти.
Мадина Юсубалиева, көз карандысыз байкоочу:
Шайлоонун технологиясы аткарылды. Бюллетендер жашыруун сакталды. Ар бир адам өз талапкерин тандап, кутуга салууга толук мүмкүнчүлүк тузүлгөн. Эч кандай мыйзам бузуу аныкталган жок.
Которгон: Илгиз Жамалбеков