Анда, бугу айынын аягына чейин республиканын жылуулук электр станцияларын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы менен отчет берүү пландалууда. Белгилей кетсек, 56 объектке техникалык аудит Дүйнөлүк банк жана KPMG эл аралык компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен ЖЭБдин техникалык абалынын рейтинги түзүлдү. Жалпысынан өлкөнүн жашоо-тиричилигин камсыздоо системасын жаңылоо жана капиталдык оңдоо үчүн «Инвестициялардын ордуна тариф» программасы ишке ашырылууда. Анын аркасында Казакстанда электр, жылуулук, суу менен камсыздоо жана канализация түйүндөрүнүн эскиришин 20%га кыскартуу пландалууда. Бул үчүн 145 миң чакырымдан ашык коммуникацияны оңдоо керек. Үстүбүздөгү жылы турак жай-коммуналдык кызматтарга тарифтерди этап-этабы менен өзгөртүү жана 5 миң чакырымдан ашык инженердик тармактарды оңдоо каралууда. Министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов коммуналдык ишканалардан тарифтерди өзгөртүү боюнча арыздарды тез арада берүүнү уюштурууну жана кулжа айынын аягына чейин жылуулук тармактарын оңдоону бүтүрүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков