Иса Байзаков тууралуу баалуу экспонат табылды

Иса Байзаков тууралуу баалуу экспонат табылды

Акын, ырчы, композитор Иса Байзаков тууралуу жаңы маалыматтар табылды. Букар Жырау атындагы Адабият жана искусство музейинен анын эски ыкмада жазылган, эч жерде басылбаган кол жазмасы табылды. Алдыдагы убакытта анын араб тилинде жазылган эмгектери жергиликтүү окумуштуулар тарабынан кылдат изилденет.

Ербол Кайыров, Букар жырау атындагы адабият жана өнөр музейинин мудүрү:

- Эски ыкма менен жазылган экен. Анын ичинде үч чыгарма. Алардын арасында Иса Байзаковдун Алтын балык чыгармасы да бар экен. Эми аны которгондон кийин башка дүйнөлөр менен салыштырып, анын өзүнүн чыгармасыбы же болбосо аткарып жүргөн чыгармаларынын бириби, аныктайбыз.

Муну менен катар, Иса Байзаковдун үнү сакталган үн жаздыргыч да табылды. Бул искусство коомчулугу үчүн чоң жаңылык.

Амангелди Қожанов, Иса Байзаков атындагы облусттук филармониянын башчысы:

- Албетте, бул улуулардын үнү. Абдан жакшы сакталган. 30 секунд бүткүл казак эли үчүн Исанын кандай болгонун, кандай деңгээлде ырчы болгонун, актёр, композитор, акын, улуу инсан экендигин далилдеп берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков