Казакстан
2024-жылы өлкөнүн беш жылдык өнүгүүсүнүн бекем пайдубалын түптөп, эл аралык
аренадагы позициясын бекемдеди. Жыл оор болгонуна карабастан, өлкө реформаларды
ишке ашырууну улантты. Өткөн жылдагы негизги ички жана тышкы саясий окуяларга
Касым-Жомарт Токаев «Ана тили»
гезитине берген интервьюсунда баа берди. Анда мамлекет
башчысы жыйынтыктарды гана чыгарбастан, алдыдагы мезгилге карата келечекти жана
пландарды да белгилеген. Алардын катарында -өкмөттүн кеңейтилген жыйынын
өткөрүү, ошондой эле өткөн жылы кабыл алынган 2029-жылга чейинки улуттук
инфраструктуралык пландын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу бар. Анда жалпы
көлөмү 40 триллион теңгеден ашкан 200дөн көп долбоорду жүзөгө ашыруу
караштырылган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Бул жылы «Достык – Мойынды» темир жол бөлүгүнүн экинчи
жолунун курулушу жана Алматы станциясынын айланма темир жол линиясынын курулушу
аяктайт. Ошондой эле энергетика тармагында чоң долбоорлорду ишке ашыруу
пландаштырылууда. «Жашыл» энергетикага олуттуу түрткү берет. Мунайды кайра
иштетүүгө, мунайгаз-химиясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. «Талдыкорган –
Үшарал» магистралдык газ түтүгүн, «Жаңаөзен – Актау» газ түтүгүнүн төртүнчү
бөлүгүн, ошондой эле Атырау облусундагы автоматташтырылган газ бөлүштүрүүчү
станцияны ишке киргизүү күтүлүүдө. Унаа жасоо тармагын өнүктүрүү улантылат.
Мындан ары турак-жай, социалдык инфраструктура, ошондой
эле санариптик чөйрө өнүктүрүлөт. Президенттин айтымында, жыл аягына чейин эл
аралык Alem.AI жасалма интеллект борбору ачылат. Ал инвестицияларды тартуу, мыкты дүйнөлүк
тажрыйбаны жана инновацияларды киргизүү үчүн аянтча болууга багытталган.
Жасалма интеллект жаатында адистерди даярдоо боюнча атайын программаны ишке
ашыруу, ошондой эле жасалма интеллект жөнүндө өзүнчө мыйзам иштелип жатат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Биздин жарандар мамлекеттик кызматтарды
санариптештирүүнүн бардык артыкчылыктарын жакшы билишет. Электрондук өкмөттүн
сайтында жеткиликтүү кызматтардын тизмеси дайыма толукталып турат. БУУнун
рейтингине ылайык, Казакстан e-government өнүктүрүүдө дүйнө жүзү боюнча
24-орунду ээледи. Казакстандын IT-кызмат
көрсөтүү экспорту көбөйүп жатканы кубандырат. Astana Hub ийгиликтүү иштеп
жатат. Казакстанды Евразия
мейкиндигиндеги эң ири санариптик хабдардын бирине айландыруу милдети толугу
менен ишке ашат.
Президент менен болгон маегинде түрк дүйнөсүн интеграциялоодо, боордош элдер менен байланышты тереңдетүүдө Казакстандын ролу да өзүнчө козголду. Касым-Жомарт Токаев өлкө Түрк мамлекеттеринин Уюмунун башатында турганын баса белгиледи. Казакстан аталган уюмга төрагалык кылып турган мезгилде саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурду. Бир катар масштабдуу долбоорлор ишке ашырылып, 80ден ашык иш-чаралар уюштурулду. Алардын катарында-Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Окуу жана академиялык түзүмдөрдүн, чыгармачыл интеллигенциянын ортосунда тыгыз байланыштар түзүлдү. Соодага келсек, 2024-жылы уюмга мүчө өлкөлөрдүн өз ара соода жүгүртүүсү 45 миллиард доллардан ашты. Мамлекеттер Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын ишке ашырууда маанилүү ролду ойнойт жана ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар. Анын ичинде-энергетика, өнөр жай, айыл чарба, санариптештирүү тармактарында.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

