Казакстанда үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында инфляция 7 пайызга чейин басаңдады. Бул тууралуу бүгүн өкмөттө акыркы 3 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланган жыйында белгилүү болду. Тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, республикада ишкердүүлүктүн өсүшү байкалып, товарларды өндүрүү көлөмү дээрлик 2 пайызга көбөйгөн. Региондордо инвестициялык активдүүлүк байкалууда. Тоо-кен тармагын эске албаганда, инвестиция көрсөткүчтөрү орто эсеп менен 34 пайызга жогорулады. Ошол эле учурда, өндүрүш тармагында, айыл чарбасында, маалымат жана байланыш, транспорт, курулуш, соода жана кыймылсыз мүлк жаатында бир топ жылыштар болду. Мында ИДӨнүн өсүшү байкалды. Эске салсак, жыл башында бул көрсөткүч минус 2,9% түзсө, азыр минус 1,6% түздү.
Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:
- Жалпысынан, экономиканын базалык тармактарындагы көрсөткүчтөрдүн акырындык менен жакшыруу тенденциясын байкап жатабыз. Экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу үчүн кошумча шарттарды түзүү максатында, Өкмөт ишкердүүлүктү колдоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен ишин улантат. Бардык региондор социалдык-экономикалык өнүгүүнүн пландуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүнү жана Мамлекет башчысы тарабынан коюлган милдеттердин натыйжалуу аткарылышын камсыз кылышы керек. Жалпысынан, Казакстандын экономикасы дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын олуттуу таасирине карабастан, көрсөткүчтөрдүн акырындык менен өсүшүн көрсөтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков