Казакстанда туристтик агымдын рекорддук көрсөткүчү байкалууда

Казакстан чет элдик туристтердин саны боюнча рекорд койду. Аяк оона айында эле өлкөгө беш жүз миңден ашуун чет элдик коноктор келди.  Туризм жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, буга Астанада бешинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү түрткү болду. Этно-спорттук иш-чаранын аркасында жалпы эсеп боюнча өлкө экономикасына кошумча 600 миң доллардан ашык каражат түштү. Туристтердин Географиясына токтолсок, Казакстандын башкы шаарына коңшу республикалардан тышкары Кытай, Индия, Түркия, АКШ жана Германиядан келген коноктор көп келишкен. Серепчилер Казакстандын туристикалык тармагын чоң келечек күтүп турат деп эсептешет. Жаштыгына карабастан, бул тармак жакшы көрсөткүчтөргө жана жетишкендиктерге ээ.

Мадина Жетписбаева, туризм жана спорт министрлигинин мамлекеттик көзөмөлдөө башкармалыгын башкы себепчиси:  

- Казакстан боюнча 16 визит-борбор түзүлдү, алардын негизги максаты экологиялык туризмди, эко агартууну жайылтуу болуп саналат.  Биздин Реестрде 9 миңге жакын турагент, ошондой эле 500 туроператор бар, алардын 400ү ички, кирүүчү туризм чөйрөсүндө. Бул туристтик кызмат өсүшү, суроо-талаптын көрсөтүп турат. Ошондой эле Казакстан бир катар өлкөлөр менен визасыз кирүү тууралуу келишим түзөт.

Казакстанды дүйнө жүзү боюнча саякаттаган туристтер - Германиянын жашоочулары тандашат. Мурда алар Европанын салттуу багыттарын жактырышса, быйыл күздө, эл аралык өнөр жай басылмасынын маалыматы боюнча, саякатчыларды Хорватия, Сербия, Грузия жана Борбор Азия – Казакстан жана Өзбекстан республикалары кызыктырат. Талдоочулар муну немис саякатчыларын Жибек жолунун мурасы, бай маданияты жана укмуштуудай жаратылыш пейзаждары кызыктыраары менен түшүндүрөт.

Айгерим Есеналиева, шаардык туризмди өнүктүрүү борборунун президенти:

- Германия Борбордук Азияга, анын ичинде Казакстанга эң көп барган өлкөлөрдүн катарында туруктуу негизде турат. Казакстан алар үчүн кызыктуу мамлекет, анткени бизде нукура маданият сакталып калган, тарыхыбыз бай, көп улуттуу өлкөбүз. Бул байлыктын баары, маданияттын өзгөчөлүгү – немис туристтерин өзүнө тартып турат, бирок Германиядан гана эмес, Европанын башка бөлүктөрүн да.

Которгон: Илгиз Жамалбеков